Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы жана Грузиядагы элчиси К.М. Осмоналиев 2024-жылдын 8-9-январында Грузиянын Жарандык авиация агенттигинин жана жеке GeoSky авиакомпаниясынын жетекчилиги менен жолугушу

181

Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы жана Грузиядагы элчиси К.М.  Осмоналиев 2024-жылдын 8-9-январында Грузиянын Жарандык авиация агенттигинин жана жеке GeoSky авиакомпаниясынын жетекчилиги менен жолугушуп, кызматташууну кеңейтүү жана Кыргызстан менен Грузиянын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу маселелерин талкуулады.

 2024-жылдын 8-январында  Элчи К.М.  Осмоналиев Грузиянын Тбилиси шаарындагы Geosky Airlines авиакомпаниясынын башкы кеңсесинде GeoSky Airlines компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Торнике Кортошидзе, GeoSky Airlines компаниясынын президенти Шалва Кикнадзе жана аталган авиакомпаниянын жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча вице-президенти Данияр Ускенбаев менен жолугушту.

 2024-жылдын 9-январында Элчи К.М.  Осмоналиев Грузиянын Экономика жана туруктуу өнүктүрүү министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Гиви Давиташвили менен жолугушту.

 Бул жолугушуулар жана макулдашуулар Кыргыз Республикасы менен Грузиянын ортосундагы экономикалык дипломатияны кеңейтүү аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат.

  • Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы жана Грузиядагы элчиси К.М.  Осмоналиев 2024-жылдын 8-9-январында Грузиянын Жарандык авиация агенттигинин жана жеке GeoSky авиакомпаниясынын жетекчилиги менен жолугушу
  • Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы жана Грузиядагы элчиси К.М.  Осмоналиев 2024-жылдын 8-9-январында Грузиянын Жарандык авиация агенттигинин жана жеке GeoSky авиакомпаниясынын жетекчилиги менен жолугушу

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK