Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчиси К.Осмоналиев жана Азербайжан Республикасынын Борбордук банкынын Төрагасы Т. Казимовдун жолугушуусу тууралуу

135

2024-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев жана Азербайжан Республикасынын Борбордук банкынын Төрагасы Талех Казимов конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кызматташуунун бир катар негизги аспектилерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап алдыңкы тажрыйбаларды жана технологиялык чечимдерди киргизүү максатында, ошондой эле туруктуу банктык экосистеманы түзүү үчүн санариптештирүү жаатында эки өлкөнүн башкы банктарынын ортосунда тажрыйба алмашууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Муну менен катар Азербайжан Республикасынын Борбордук банкы тарабынан колдоого алынган ийгиликтүү инфраструктуралык долбоорлор жана алардын өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы талкууланды. Тараптар банк системаларын биргелешип өнүктүрүү үчүн тажрыйба алмашуунун жана алдыңкы тажрыйбаларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Жолугушуунун соңунда катышуучулар банк тармагынын ар түрдүү аспектилери боюнча кызматташууну мындан ары бекемдөө ниетин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK