Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев менен Азербайжан Республикасынын Илим жана билим министри Эмин Амруллаевдин жолугушуусу жөнүндө

128

2024-жылдын 17-январында Баку шаарында Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжан Республикасынын Илим жана билим министри Эмин Амруллаев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү тармагындагы эки тараптуу кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын маселелери талкууланды. Эки өлкөнүн илим жана билим берүү министрликтеринин жетекчилигинин деңгээлинде визиттерди алмашуу, Кыргызстан менен Азербайжандын жогорку окуу жайларынын ортосунда байланыштарды түзүү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Азербайжанда жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маселелер каралды. Республика боюнча жеңилдетилген негизде жана орто мектептердин окуучулары менен визиттерди алмашуу практикасын улантуу маселеси козголду. Эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган долбоорлорду ишке ашыруу маселелери өзүнчө талкууланды.

Жолугушуунун соңунда маектештер эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү жана тереңдетүү боюнча бирдиктүү ниеттерин билдиришти.

  • Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев менен Азербайжан Республикасынын Илим жана билим министри Эмин Амруллаевдин жолугушуусу жөнүндө

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK