Кыргыз Республикасынын Азербайджан Республикасындагы Элчилигинин 2024-жылдын 20-мартындагы маалыматтык билдирүүсү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы «2024-жылы дем алыш күндөрүн жылдыруу жөнүндө» токтомуна ылайык, ушул жылдын 21-мартынан 24-мартына чейин Кыргыз Республикасында дем алыш күндөрү болуп саналат.
Буга байланыштуу 2024-жылдын 21-мартынан 24-мартына чейин Кыргыз Республикасынан Азербайджан Республикасындагы Элчилиги жарандарды кабыл албай турганын билдиребиз.
Ошол эле учурда, мекендештердин кайрылууларына тез арада юридикалык жана консулдук жардам алууну талап кылган оор абалга туш болгон учурда, ыкчам жооп берүү үчүн нөөмөт, ошондой эле ишеним телефону иштейт: +994 55 750 53 01.
Жогоруда көрсөтүлгөндөрдү эске алуу менен, Элчиликке башка даталарга барууну пландаштырууну суранабыз.