КРнын Азербайжандагы Элчиси К.Осмоналиев Азербайжандын Маданият министринин орун басары М.Гусейнов менен жолугушту
2024-жылдын 19-мартында Кыргызстандын Азербайжандагы Элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжан Республикасынын Маданият министринин орун басары Мурад Гусейнов менен жолугушуусу болду.
Жолугушуу кыргыз тараптын демилгеси менен маданият жаатындагы кыргыз-азербайжан эки тараптуу кызматташтыгын активдештирүү максатында болуп өттү, анын жүрүшүндө маданий-гуманитардык тармакта 2024-жылга карата биргелешкен долбоорлорду жана пландарды ишке ашыруу маселелери талкууланды.