Элчи Кайрат Осмоналиев Азербайжандын Президентинин Жардамчысы – Президенттик Администрациянын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Хикмет Гаджиев менен жолугушту
Элчи Кайрат Осмоналиев Азербайжандын Президентинин Жардамчысы – Президенттик Администрациянын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Хикмет Гаджиев менен жолугушту
Ушул жылдын 1-апрелинде Баку шаарында Элчи Кайрат Осмоналиев Азербайжан Республикасынын Президентинин Жардамчысы – Президенттик Администрациянын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Хикмет Гаджиев менен жолугушту.
Маектештер кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана алдыдагы жогорку жана бийик деңгээлдеги эки тараптуу иш-чаралар боюнча пикир алмашышты, анын ичинде эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелерине токтолушту.
Ошондой эле биргелешкен маданий-гуманитардык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелери талкууланды.