Маданий-гуманитардык кызматташтык

Азыркы учурда, мамлекеттердин ортосундагы маданий кызматташтык жигердүү өнүгүп жатат. Тараптар майрамдарга жана эки өлкөнүн ичиндеги маданий иш-чараларга катышууда.

15-22-май, 2016-ж. - БАЭнин маданий борбору эсептелген Шарджа шаарында Кыргыз Республикасынын Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш Университетинин маданий-чыгармачылык топтун катышуусу менен майрам «Кыргыз маданиятынын жумалыгы» өттү. Бул иш-чара Шарджанын Мурас институтунун төрагасы Абдулазиз Аль-Мусаллимдин чакыруусу жана колдоосу менен болуп өттү.

2-3-сентябрь, 2016-ж. - Экинчи дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде Бириккен Араб Эмираттарынын Маданият жана билимди өнүктүрүү министринин, Жаштар маселелери жана спорт боюнча Башкы башкармалыгынын төрагасы шейх Нахайян бин Мубарак Аль-Нахайяндын жетекчилигиндеги расмий делегация катышты. Иш-чаранын спорт бөлүгүндө Абу-Даби Мүнүшкөрлөр Клубунун өкүлдөрү катышты. Оюндар Бириккен Араб Эмираттарынын медиа өкүлдөрү тарабынан кеӊири чагылдырылды. БАЭге кайтканда эмираттык журналисттер тарабынан Оюндар тууралуу көркөм тасма тартылып, өлкөдөгү «Abu Dhabi Sports Chanel» жана «YAS» негизги спорт каналдарында бир нече жолу трансляция болду.

27-ноябрь-1-декабрь 2017-ж. - Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында Кыргыз маданиятынын жумалыгынын алкагында алгачкы жолу «Айтматовду окуу» иш-чарасы уюштурулду. Иш-чара белгилүү «Abu Dhabi Multaqa» адабий клубунда БАЭдеги Кыргыз Республикасынын Элчилигинин демилгеси жана колдоосу менен өттү.  Бул иш-чарага даярдануу алкагында «Abu Dhabi Multaqa» клубунун мүчөлөрү - атактуу чыгармачыл инсандар, коомдук ишмерлер, аалымдар, жазуучулар, элчиликтин көмөгү менен Айтматовдун китептерин араб тилинде окуп таанышып чыгышты. «Айтматовду окуу» кечесинде жазуучунун бай өмүр таржымалын, жана анын «Саманчынын жолу», «Жамийла», «Ак-Кеме», «Кызыл жоолук жал-жалым», «Бетме-бет» чыгармалары үстүндө абдан кызыктуу талкуу жүрдү.

29-ноябрь-4-декабрь, 2017-ж. – Бириккен Араб Эмираттарынын жана Кыргыз Республикасынын Маданият министрликтеринин колдоосу менен, БАЭнин Улуттук күнүнүн 46-жылдыгына карата майрамдык иш-чараларга Кыргыз Республикасынын этно-фольклордук топтору катышып, бардык жети эмиратта болушту. Мындан сырткары, аталган иш-чарада кыргыз кол өнөрчүлөрү жана сүрөтчүлөрү катышып, жергиликтүү коомчулукту кыргыз элинин каада-салттары жана маданияты жөнүндө кеӊири тааныштырып кетишти.

29-ноябрь-4-декабрь, 2017-ж. - Дубай шаарында Кыргыз Республикасынын туристтик артыкчылыктарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө арналган стенд ачылды. Иш-чарага Элчилик Кыргыз Республикасынын туристтик ишканаларды чакырып, алар Кыргызстандагы туризм тууралуу маалымат берүү менен бирге, БАЭдеги өнөктөштөр менен бизнес байланыштарын түзүүгө жетишти.

6-10-декабрь 2017-ж. – Кыргыз Республикасынын Салбуурун федерациясынын төрагасы А.Акунов жетектеген делегация Абу-Даби шаарында орун алган 4-Эл аралык мүнүшкөрлөр фестивалында катышты. Катышуунун алкагында кыргыз элинин улуттук боз үйү, каада-салттары жана бүркүтчүнүн маданияты чагылдырылды.

Март-2018-ж. - Абу-Даби шаарында «Саадият» маданий борборунда кыргыз эл жазуучусу Ч.Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган «Саманчынын жолу» аттуу кинотасмасынын коомдук көрсөтүүсү уюштурулду.

2-8-сентябрь, 2018-ж. - БАЭнин расмий делегациясы (Фужейра эмиратынын Мураскор канзаадасы шейх Мухаммед Ал Шарки, БАЭнин Маданият министри Нура Аль-Кааби, Маданий мурас комитетинин төрагасы Ф.Аль-Мазруи) 3-Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуусу.

Эл аралык мелдешке БАЭнин Маданий иш-чараларды өткөрүү жана мурас фестивалдарын уюштуруу Комитетинин атынан 90дон ашык мүчөдөн турган чоӊ делегация жана Фужейранын Көркөм сүрөт академиясынын делегациясы Кырчын өрөөнүндө жана Бостери айылында жайгашкан «Көчмөн» амфитеатрынын эл аралык фестивалдарында жигердүү катышты. БАЭнин спортчулары «Таяк тартыш», «жаа атуу», «тайган жарыш», «күрөш» жана «куш салуу» сыяктуу мелдеш түрлөрүнө катышышты. БАЭнин спорт делегациясы «тайган жарышта» биринчи орунду ээледи.

Оюндарды түз эфирдин негизинде «Baynuna-TV» телеканалы күн сайын чагылдырса, БАЭнин «Yas-Channel» спорт каналы Оюндар боюнча отчеттук фильм даярдады. Ал эми БАЭнин алдыӊкы телеканалдарында, басылмаларында жана интернет-порталдарында Көчмөндөр Оюндары өтө жандуу жана көркөмдүү чагылдырылды.