Саясий кызматташтык
Кыргыз Республикасынын жана БАЭ ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1996-жылдын 1-августунда орнотулган.
1999-жылы Кыргыз Республикасынын Дубайдагы Башкы консулдугу түзүлгөн.
БАЭнин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мухаммед Хареб Аль-Мехайрби Бишкекте 2013-жылдын 24-апрелинде аккредитациядан өткөн (резиденциясы Ташкен шаарында).
Кыргыз Республикасынын Президентинин А.Атамбаевдин БАЭге жасаган расмий сапарынын (декабрь, 2014-ж.) жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Араб Эмираттарындагы Элчилигин ачуу тууралуу жарлыкка кол коюлган.
2016-жылдын 15-февралында, Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Толук Ыйгарымдуу Элчиси Ч.Эшимбеков БАЭнин Вице-Президенти, Премьер-министр, Дубай Башчысы Шейх Мухаммад бин Рашид Аль-Мактумга ишеним грамоталарын тапшырды.
20-27-май, 2006-ж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри А.Жекшенкуловдун БАЭге расмий иш сапары.
2-4-февраль, 2008-ж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Карабаевдин БАЭге жумуш иш сапары.
8-10-февраль, 2012-ж. - Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер министринин орун басары Х.Аль-Гейттин Кыргыз Республикасына сапары.
4-7-декабрь, 2014-ж. - Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев араб өлкөлөрүндө болгон турненин алкагында БАЭге расмий сапары.
13-15-апрель, 2016-ж. – БАЭнин энергетика министри жетектеген бизнес-делегациянын Кыргыз Республикасына сапары.
3-4-сентябрь, 2016-ж. – БАЭнин Маданият министри Шейх Hахайян бин Мубарак Аль-Нахайян жетектеген делегациянын Экинчи дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышууга болгон расмий сапары.
16-17-май, 2017-ж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаевдин расмий сапары.
24-май, 2017-ж. - Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри шейх Абдалла бин Заед Аль-Нахайяндын Кыргыз Республикасына расмий сапары.
29-сентябрь, 2017-ж. - БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаевдин БАЭнин Тышкы иштер министри шейх Абдалла бин Заед Аль-Нахайян менен жолугушуусу.
1-декабрь, 2017-ж. - "Азия жүрөгү" Стамбул процессинин мүчө-мамлекеттердин 7-министрлик жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Н.Абдрахмановдун БАЭнин Тышкы иштер министринин орун басары М.Шараф менен жолугушуусу.
14-16-январь, 2018-ж. - Бишкек мэриясынын делегациясы " Абу-Даби Туруктуу өнүктүрүү жумалыгында " катышуусу.
31-январь, 2018-ж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Н.Абдрахмановдун БАЭге сапары.
10-11-февраль, 2018-ж. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министр С.Исаков жетектеген өкмөттүк делегация Дубайда өткөн 6-дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин ишине катышуусу.
2-3-сентябрь, 2018-ж. – БАЭнин расмий делегациясынын (Фужейра эмиратынын Мураскор канзаадасы шейх Мухаммед Ал Шарки, БАЭнин Маданият министри Нура Аль-Кааби, Маданий мурас комитетинин төрагасы Ф.Аль-Мазруи) 3-Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуусу.
15-октябрь, 2018-ж. – БАЭнин Тышкы иштер министринин орун басары М.Шарафтын Кыргыз Республикасына сапары.
18-19-декабрь, 2018-ж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун БАЭге расмий иш сапары.