Нотариалдык маселелер
Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Элчилиги, 1998-жылдын 30-майындагы Кыргыз Республикасынын №70 "Нотариат жөнүндө" мыйзамы тарабынан анын ыйгарым укуктары жана Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлунда №412 Өкмөтүнүн Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызматкерлери тарабынан нотариалдык актыларды жүргүзүү жол-жобосу негизинде, нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.
Нотариалдык кыймылдар ээсинин жеке катышуусу менен Элчиликте төмөнкү документтерди берилүүсү менен жүргүзүлөт:
- Арыз;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту.
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын ("өкүл" жана "өкүлдүк кылууну тапшырган" адамдардын) ID паспорторунун көчүрмөлөрү;
- Нотариалдык документтин түрүнө жараша төмөнкүлүр талап кылынат:
• Эгерде жашы жете элек баласынын чет олкого башка адамдын коштоосунда чыгууга макулдук берсе - туулгандыгы тууралуу күбөлүктү, баланын, ата-энесенин, аларды коштой турган адамдын жарандык паспортунун көчүрмөлөрү.
• кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү башкаруу учурунда - документтердин так жана түстүү ксеркөчүрмөсү (каттоо жөнүндө күбөлүк, соода-сатык келишим, ж.б.).
- Консулдук төлөм - 185 дирхам. Консулдук төлөм документтер консулдук кызматкер тарабынан текшерилгенден кийин төлөнөт.