Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Элчиси А.Жумабаев Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик министри Ахмед бин Али Аль Сайег менен жолугуушусу

1645

2022-жылдын 4-октябрында Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер министерствосунда Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Жумабаев Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер министрлигинде Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик министри Ахмед бин Али Аль Сайег менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-эмират кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, жогорку жана бийик деңгээлдеги пландалган өз ара сапарларды уюштурууну жана Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министрликтери ортосундагы иш-чараларды өткөрүүнү талкуулашты.

Жыйында А.Жумабаев кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуялар, Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы учурдагы кырдаал боюнча маалымат берип, ошондой эле кыргыз тарап өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштарды саясий жана дипломатиялык жол менен чечүүгө умтулуусун баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK