Маданий-гуманитардык кызматташтык
2018-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Б. Салимжановдун Екатеринбург шаарынын Шаар-башчысы Высокинский Александр Геннадьевич менен жолугушуусу болуп ѳттү.
Жолугушуунун жүрүшүндѳ Кыргыз Республикасы менен Екатеринбург шаарынын мындан аркы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуусун ѳнүктүрүү боюнча суроолор талкууланды.
Башкы консул Б. Салимжанов, ѳз сѳзүндѳ, залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына карата, Екатеринбург шаарында даярдалган «Жаныбарым Гүлсарат» чыгармасынын каармандарынын скульптуралык эстелигинин 2018-жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарынын ипподромундагы ачылышы, «Свердлов облусундагы Айтматов күндѳрүнүн» ѳткѳрүлүшү сыяктуу иш-чаралар тууралуу айтып ѳттү жана колдоо кѳрсѳткѳндүгү үчүн Шаар-башчысына ыраазычылык билдирди.
А.Г. Высокинский Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына карата иш-чаралар Свердлов облусунун Ѳкмѳтү жана Екатеринбург шаарынын администрациясынын Башкы консулдук тарабынан киргизилген демилгелерин колдоосунун негизинде ийгиликтүү ишке ашкандыгын белгиледи.
Ошону менен бирге, А.Г. Высокинский Екатеринбург шаарынын Администрациясынын «Екатеринбург шаарынын Октябрский районундагы кѳчѳнүн аталышы» тууралуу Токтомун тапшырды. Токтомго ылайык, Екатеринбург шаарындагы жаңы турак районунун бир кѳчѳсүнѳ Чынгыз Айтматовдун аты ыйгарылды.
Мындан тышкары, тараптар Екатеринбург шаарында эмгектенип жүргѳн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле миграциялык абалды жакшыртууга багытталган, Россиянын социалдык саясаты тууралуу суроолорго токтолушту.
2018-жылдын 2-ноябрында Екатеринбург шаарында Свердловск облусунун Маданият министрлигинин колдоосунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен, В.Г. Белинский атындагы Свердлов облустук универсалдык илимий китепканасы тарабынан уюштурулган «Повести гор и степей» кѳргѳзмѳсүнүн ачылышы болду.
Кыргызстандын эл жазуучусу жана заманбап кѳркѳм сѳз ѳнѳрүнүн классиги катары дүйнѳгѳ таанылган жазуучу Ч. Айтматовдун адабий мурасынын кѳргѳзмѳ долбоору аймактын башкы китепканасынын фондунда сакталган бай китеп-журнал материалдарынын негизинде түзүлгѳн.
Ири ретроспективдүү кѳргѳзмѳ Ч. Айтматовго тиешелүү макала, интервью, чыгармаларынын үзүндүлѳрү, архивдик сүрѳттѳрү, ѳмүр-баянынын кызыктуу фактыларынан түзүлүп, жазуучунун жалпы чыгармачылык портрети жана анын дүйнѳлүк маданият жана искусствосундагы ордун чагылдырат.
Кѳргѳзмѳнүн ачылышында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери катышты. Консул Н.Алымбеков саламдашуу сѳзүн айтып, эстеликке белектерди тапшырды жана облустук телекомпаниясына интервью берди.
«Повести гор и степей» кѳргѳзмѳсү
«Повести гор и степей» кѳргѳзмѳсү баардык каалоочулар үчүн эки айга созулат. Жазуучунун чыгармачылыгына арналган «Айтматов күндѳрү» эскерүү иш-чараларынын алкагында, үстүбүздѳгү жылдын 3 – 5 ноябрь күндѳрү Орто Уралдын аймагында жайгашкан бир катар облустук китепканаларында уланды.
Чынгыз Айтматовдун 90-жылдыгына арналган конференция тууралуу
2018-жылдын 30-ноябрында «Екатеринбург» китепкана борборунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан уюштурулган конференция болуп ѳттү.
Конференцияда Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы Ѳкүлчүлүгүнүн, Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министрлигинин, «Кыргызстан-Урал» кыргыз диаспорасынын ѳкүлдѳрү, Кыргызстандык студенттер жана облустун чыгармачыл интеллигенциясы катышышты.
Алгач, Б. Салимжанов саламдашып, ѳз сѳзүндѳ Свердлов облусунун Ѳкмѳтүнѳ залкар жазуучунун мааракесине карата ѳткѳрүлгѳн иш-чараларга колдоо кѳрсѳткѳндүгү жана активдүү катышкандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирип ѳттү.
Иш-чаранын алкагында Ч. Айтматовдун ѳмүрүнѳ жана чыгармачылыгына арналган «Гражданин земного шара» даректүү тасмасы жана Россиянын эл артисти Т. Воронинанын, Свердлов облустук филармониясынын солисти Я. Чабандын ж.б. артисттердин аткаруусунда «Кылым карытаар бир күн» чыгармасы боюнча кыскача спектакль кѳрсѳтүлдү.
Конференциянын соңунда Б. Салимжанов Свердлов облусунун бир катар китепканаларына, анын ичинде «Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы уламыш жана жомоктор» аттуу Брайль шрифти менен китепти жарыкка чыгаргандыгы үчүн Свердлов облустук атайын китепканасына жазуучунун чыгармаларынын толук жыйнагын белек катары тапшырды.
Андан тышкары, Ч. Айтматовдун ѳмүр-чыгармачылыгына арналган мыкты чыгарма үчүн конкурсунун жеңүүчүлѳрүнѳ Башкы консулдуктун байгелери, грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.
Конференциянын алкагында, жазуучу тууралуу сүрѳт-китеп жана кыргыз кол ѳнѳрчүлүгүнүн кѳргѳзмѳсү уюштурулду.
Конференция жылуу лирикалык маанайда ѳттү.
Урал федералдык университетинде
Чынгыз Айтматовдун 90-жылдыгына арналган кече тууралуу
2018-жылдын 12-декабрында Урал федералдык университетинде (Екатеринбург шаары) кыргызстандык студенттер жана Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте уюштурулган Ч. Айтматовдун 90-жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу кече болуп ѳттү.
Кечеде Свердлов облусунун Маданият министрлигинин ѳкүлү, Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун жамааты, «Биз бирге» Улуттар аралык кызматташуу ассоциациясынын Президенти Ж. Белеков, «Кыргызстан-Урал» кыргыз диаспорасынын ѳкүлдѳрү, студенттер жана облустун чыгармачыл интеллигенциясы катышышты.
Алгач, Б. Салимжанов саламдашып, ѳз сѳзүндѳ Свердлов облусунун Ѳкмѳтүнѳ жана Урал федералдык университетинин жетекчилигине залкар жазуучунун мааракесине карата ѳткѳрүлгѳн иш-чараларга колдоо кѳрсѳткѳндүгү жана активдүү катышкандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, окуу-жайдын китепканасына жазуучунун чыгармаларынын толук жыйнагын белек катары тапшырды.
Иш-чаранын алкагында Ч. Айтматовдун ѳмүрүнѳ жана чыгармачылыгына арналган «Гражданин земного шара» даректүү тасмасы жана студенттердин аткаруусунда залкар жазуучунун чыгармалары боюнча кыскача спектакль кѳрсѳтүлдү.
Кече жылуу лирикалык маанайда ѳттү.