Саясий кызматташтык

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 20-мартында орногон.

2017-жылы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногондугунун 25 жылдыгын тараптар биргелешип белгилешкен.

1991-жылы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчиликтери ачылган.

2016-жылдын 9-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп Болот Исакович Отунбаев дайындалган.

2012-жылдын 10-октябрынан баштап Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы  Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси катары  Андрей Андреевич Крутько иштеп келе жатат.

Кыргыз-россиялык мамилелер көп пландуу кызматташуунун динамикалуу түрдө өнүгүүсү менен мүнөздөлөт, жана союздаш жана стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине жооп берет.

1992-жылдын 10-июнунда КР менен РФнын ортосунда достук, кызматташуу жана өз ара жардам жөнүндө Келишим, 2000-жылдын 27-июнунда КР менен РФнын ортосунда түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө Декларация жана 2017-жылдын 19-июнунда кол коюлган КРсы менен РФнын ортосунда союздаш жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жөнүндө Декларация стратегиялык өнөктөштүктүн негизи болуп саналат.