Кызмат
Урматтуу мекендештер!!!
Кыргыз Республикасына кайтуу жөнүндө күбөлүк берүү үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
Жашы жеткен жарандар үчүн:
- ID-паспорт же жалпы жарандык паспорт (бар болсо);
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк (бар болсо).
Жашы жете элек жарандар үчүн төмөнкү документтер керек болот:
- туулгандыгы жөнүндө күбөлүк;
- мөөнөтү өтүп кеткен паспорт (бар болсо) же булганган паспорт болсо;
- вкладыш (бар болсо);
- ата-энесинин паспорттору;
- ата-энесинин нике күбөлүгү же аталыкты аныктоо жөнүндө күбөлүк;
- эгерде ата-энесинин бири башка өлкөнүн жараны болсо, анын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугун берүү зарыл.
Кыргыз Республикасына кайтуу жөнүндө күбөлүк берүүнүн мөөнөтү документтерди кабыл алынган мезгилден тартып 5 (беш) жумушчу күндөн ашпайт.
Жарандын инсандыгын аныктоо үчүн кошумча убакыт талап кылынган өзгөчө учурларда, арызды кароо убактысы кошумча дагы 10 (он) жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү 30 (отуз) календардык күндү түзөт.
Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 5 АКШ долларын түзөт жана Россия Федерациясынын Борбордук банкынын курсу боюнча банк аркылуу рубль менен төлөнөт.
Урматтуу мекендештер!!!
Жаны жалпы жарандык паспортко же ID-паспортко документтерди кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан дүйшөмбүдөн жумага карай саат 9:00дөн 13:00гө чейин жүргүзүлөт.
Даяр паспорттор Башкы консулдукка почта аркылуу 3 айдын ичинде келерин эскертебиз!!!
Жалпы жарандык паспорт же ID-паспорт алуу үчүн төмөнкү документтер керек болот:
- жалпы жарандык паспорт же ID-паспорт;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- нике тууралуу күбөлүк.
16 жашка чейинки адамдар үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
- туулгандыгы тууралуу куболук;
- ата-энелердин паспорттору;
- ата-энесинин нике күбөлүгү;
Эгерде жашы жете элек арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болсо, 16 жашка чыга элек жаранга жарандык паспорт берүү үчүн анын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугун берүү зарыл.
*Муну менен бирге ар бир кайрылуу жеке түрүндө каралат (базаларды текшерүү, жеке маалыматтарды тактоо ж.б.).
Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы:
- 30 АКШ доллары (16 жаштан баштап)
- 15 АКШ доллары (16 жашка чейинкилер)
Россия Федерациясынын Борбордук банкынын курсу боюнча банк аркылуу рубль менен төлөнөт.
Мамлекеттик алымдын баасы:
- 1212 сом жалпы жарандык паспорт үчүн, - 815 сом ID-паспорт (жоготулган/бузулган паспорт);
- жарандык паспорт үчүн 1012 сом (жарактуулук мөөнөтү);
- ID-паспорт үчүн 615 сом (жарактуулук мөөнөтү).
Мамлекеттик алым Кыргызстанда РСК Банк же Айыл Банк аркылуу төлөнөт.
Урматтуу мекендештер!!!
Свердловск, Курган, Тюмень жана Челябинск облустарында, ошондой эле Россиянын Пермь аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргызстандын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунда алмаштырууга мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертебиз.
Кыргызстандын жарандарын айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча Башкы консулдук кабыл алуу шейшемби жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөрүнө көңүл бурабыз.
Айдоочулардын күбөлүктөрүн жаңыртуу төмөнкүдөй себептер боюнча жүргүзүлөт:
1) айдоочунун күбөлүгүнүн мөөнөтү аяктаганда;
2) айдоочунун күбөлүгүндө камтылган анын ээсинин жеке маалыматтары өзгөртүлгөндө;
3) айдоочунун күбөлүгү эскиргендиктен же бузулгандыктан пайдалана албай калганда;
4) айдоочунун күбөлүгүн жоготкондо.
Мурда берилген улуттук айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда же жоготууда төмөнкү документтерди камсыз кылуу керек:
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формадагы арыз (Башкы консулдукта түзүлөт);
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу паспорту (ID-карта, жарандык паспорт);
-Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу медициналык мекемеси тарабынан берилген медициналык кароодон өткөндүгүн ырастоочу документ (№ 003-V/y формасындагы медициналык корутунду) 12 айдан ашпоого тийиш;
- айдоочунун күбөлүгү;
- бирдиктүү үлгүдөгү автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстарды аяктагандыгы жөнүндө күбөлүк (бар болсо);
- айдоочунун жеке картасы (бар болсо).
Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 25 АКШ доллары, Россия Федерациясынын Борбордук банкынын курсу боюнча банк аркылуу рубль менен төлөнөт.
Мамлекеттик алымдын баасы 604,4 сом, Кыргызстанда РСК Банк же Айыл Банк аркылуу төлөнөт.
Даяр айдоочунун күбөлүгү Башкы консулдукка почта аркылуу 3 айдын ичинде келерин эскертебиз!!!
«Мекен-карт» документине кабыл алуу жөнүндө маалыматтык билдирүү
2023-жылдын 13-мартынан тартып Свердловск, Курган, Тюмень жана Челябинск облустарында, ошондой эле Россиянын Пермь аймагында жашаган, мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар, алардын балдары жана неберелери мекендеш статусун алуу өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.
«Мекен картасына» тапшыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
1) Мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар үчүн:
- өтүнүч (Башкы консулдукта таризделет);
- чет өлкөлүк жарандын паспорту;
- Россия Федерациясынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- «Мекен картты» даярдоо жана берүү акы төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;
- консулдук жыйымды төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастаган документ (автоматташтырылган маалымат системасында жок болгон учурда талап кылынат).
2) Мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн:
- өтүнүч (Башкы консулдукта таризделет);
- чет өлкөлүк жарандын паспорту;
- Россия Федерациясынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- «Мекен картты» даярдоо жана берүү акы төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;
- консулдук жыйымды төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;
- туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда – жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастаган документтер).
3) Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык эмес Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн:
-өтүнүч (Башкы консулдукта таризделет);
-чет өлкөлүк жарандын паспорту;
-Россия Федерациясынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- «Мекен картты» даярдоо жана берүү акы төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;
- консулдук жыйымды төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;
-туугандык мамилелерди ырастоочу документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн көчүрмө, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда - жеке маалыматтар өзгөргөндүгүн ырастоочу документтер);
-Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (атасы же апасы, чоң атасы же чоң энеси) жана анын көчүрмөсү.
4) Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле алардын балдары жана неберелери үчүн:
-өтүнүч (Башкы консулдукта таризделет);
-чет өлкөлүк жарандын паспорту;
-Россия Федерациясынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- «Мекен картты» даярдоо жана берүү акы төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;
- консулдук жыйымды төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;
-Кыргыз ССРинин аймагында берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана анын көчүрмөсү;
-Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандардын балдары же неберелери үчүн алардын туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу документ).
Консулдук кызматтын баасы 40 АКШ долларын түзөт жана Россия Федерациясынын Централдык банкынын курсу боюнча «Сбербанк» аркылуу төлөнөт.
Мамлекеттик алым 10 589 сомду түзөт, Кыргызстанда РСК, Айыл Банк же Кыргыз почтасына төлөнөт.
Кошумча суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: + 7 343 223-68-13, 223-68-14, 227-39-39.