Нотариалдык маселелер
Нотариалдык аракеттер юридикалык мааниси бар талашсыз фактыларды, укуктук окуяларды ырастоону, документтерди күбөлөндүрүүнү, документтерге аткаруу күчүн жана юридикалык аныктык берүү боюнча нотариустун иш-аракетин жана жарандар менен юридикалык жактардын укуктарын, алардын Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 «Нотариат жөнүндө» Мыйзамында каралган мыйзамдуу таламдарын коргоого багытталган башка аракеттерин билдирет.
Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунда Сиз төмөнкү кызматтарды ала аласыз:
жашы жете элек балага Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алууга макулдук;
жашы жете элек баланы коштоп жүрүүгө жана ага көзөмөлдүк кылууга ишеним кат;
Башкы консулдуктун компетенциясына кирген башка нотариалдык аракеттерди жасоо.
10 АКШ доллары өлчөмүндөгү консулдук жыйымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугундагы төлөө терминалында жүргүзүлөт.