Пайдалуу маалымат
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Россия Федерациясынын аймагына кирүү жана болуунун тартиби жөнүндө эскертме
1. Россияга барууга алдын ала даярдануу
Россия Федерациясына кетээрдин алдында Россия Федерациясынын чек арасын өтүү, миграциялык картаны туура толтуруу, миграциялык каттоого туруу эрежелери, Россияда турак-жай жалдоо, жумуш табуу маселелери жана эмгек укуктарын коргоо негиздери менен алдын ала танышуу керек.
2. “Кара тизмеден” текшерүү
Россия Федерациясынын компетенттүү органдары тарабынан Россия Федерациясынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүдөн баш тартуу тобокелдигин алдын алуу үчүн алдын ала, кете турганга чейин 2 айдан кечиктирбестен, жарандын Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө уруксат бербөө үчүн негиздердин бар же жок экендиги жөнүндө мамлекеттик органдардагы маалыматты текшерүү керек.
Россиянын Ички иштер министрлиги тарабынан өлкөгө кирүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу маалыматты Россиянын Ички иштер министрлигинин кызматы аркылуу алса болот: http://services.fms.gov.ru/info-service.htm?sid=3000.
3. Россия Федерациясынын чек арасын кесип өтүү
Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясына жарактуу Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык (чет элдик) паспорт же ички паспорт (ID-карта) менен кире алышат.
Россия Федерациясынын чек арасынан өтүүдө, жеке толтурууда миграциялык картаны кылдат жана так толтуруу керек. Толтурулган миграциялык картага кол коюудан мурун жаран өзүнүн маалыматтарын, тактап айтканда, толук аты-жөнүн жана туулган күнүн кылдаттык менен текшерип чыгуусу керек. Эч кандай шартта миграциялык картаны жоготуп албоо керек!
4. Медициналык текшерүүдөн, манжа изин мамлекеттик каттоо жана сүрөткө тартуу тартибинен өтүү
Россия Федерациясына визасыз тартипте иштөө үчүн келген чет элдик жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары Россия Федерациясына кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн, ошондой эле манжа изин мамлекеттик каттоо жана сүрөткө тартуу тартибинен өтүшү керек.
Россия Федерациясына 90 күндөн ашык узак мөөнөткө жана ишке орношуу менен байланышпаган максаттарда келген чет өлкөлүк жарандар Россия Федерациясына кирген күндөн тартып 90 календардык күндүн ичинде милдеттүү түрдө мамлекеттик манжа изин каттоодон жана сүрөткө тартуудан, ошондой эле медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
Эгерде чет өлкөлүк жарандар жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболорду аткара албаса, алардын Россия Федерациясында убактылуу болуу мөөнөтү кыскартылат.
Алты жашка чыга элек чет өлкөлүк жарандар бул процедуралардан өтүүдөн бошотулат.
5. Миграциялык каттоого туруу
Кыргыз Республикасынын жарандары кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде Россия Федерациясынын компетенттүү органдарында (Россиянын Ички иштер министрлигинде) каттоого туруу (жашаган жери боюнча катталуу) милдетинен бошотулат.
Эгерде Кыргыз Республикасынын жараны Россия Федерациясынын аймагына кирген күндөн тартып 30 күндөн ашык жүрсө, анда Кыргыз Республикасынын жараны Россия Федерациясынын компетенттүү органдарында (Россиянын Ички иштер министрлиги) жашаган жери боюнча катталууга милдеттүү.
Россия Федерациясынын аймагына эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү максатында келген Кыргыз Республикасынын жарандарын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн каттоо эмгек же жарандык-укуктук келишимдин мөөнөтүнө жүргүзүлөт.
Россиянын аймагына башка максаттар үчүн келген Кыргызстандын жарандарын каттоо кирген күндөн тартып 90 күндөн ашпаган мөөнөткө жүргүзүлөт.
Миграциялык каттоого тургузуу боюнча бардык жол-жоболорду кабыл алуучу тарап ишке ашырат. Кабыл алуучу тарап Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын жаранына иш жүзүндө жашоо үчүн турак жай же башка жай берген Россия Федерациясынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле юридикалык жактар, юридикалык жактын филиалы же өкүлчүлүгү болушу мүмкүн.
Чет өлкөлүк жаран жашаган жерине келгенде кабыл алуучу тарапка төмөнкү документтерди көрсөтөт: паспорт жана миграциялык карта.
Паспорт жана миграциялык картасы алып салынбайт. Турган орду боюнча каттоо үчүн мамлекеттик алым алынбайт.
Кыргыз Республикасынын эмгек мигранты кабыл алуучу Тарапка аны менен Россия Федерациясынын аймагында иш берүүчү же жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) заказчысы менен түзүлгөн эмгек же жарандык-укуктук келишимди, ошондой эле үй-бүлөлүк мамилелерди ырастоочу документтерди кошумча көрсөтөт (анын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн).
Кабыл алуучу тарап чет өлкөлүк жаран көрсөткөн документтердин негизинде чет өлкөлүк жарандын турган жерине келгендиги тууралуу атайын бланк толтурат. Толтурулган билдирүү формасын Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органынын миграциялык бөлүмүнө тапшырат.
6. Эмгекке орношуу
ЕАЭБне мүчө-мамлекеттердин эмгекчилеринин укук жана милдеттери 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБи жөнүндө Келишимдин Эмгек миграциясы бөлүмүнүн 96-98-беренелеринде жана мүчө-мамлекеттердин эмгекчилерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө Протоколдо (ЕАЭБи жөнүндө Келишимге №30 тиркеме) жазылган.
Жумушка орношкондо орус тили, тарых жана укук боюнча экзамендерди тапшыруунун кереги жок. Эч кандай патент же иштөөгө уруксат талап кылынбайт.
Кыргыз Республикасынын жарандары алган билимдерине жана адистиктерине ылайык РФда кесиптик ишмердүүлүк менен алектенүүгө укуктуу. Мында педагогикалык, юридикалык, медициналык же фармацевтикалык билимдери болсо, адистиги менен иштөөсү үчүн мыйзамда бекитилген шарттарга ылайык билими тууралуу документти таануу жол-жоболорунан (нострификация) өтүү керек.
Эмгекчилердин эмгек стажы иш менен камсыз кылган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык пенсияларды кошпогондо, социалдык камсыздоо максатында жалпы эмгек стажына эсептелет.
Эмгек ишмердиги иш берүүчү менен жазуу жүзүндө түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде гана ишке ашырылууга тийиш! Эмгек келишими жазуу жүзүндө эки нускада түзүлөт, алардын ар бирине тараптар кол коюшат. Эмгек келишиминин бир нускасы кызматкерге берилет, экинчиси иш берүүчүдө сакталат. Эмгекчинин эмгек келишиминин көчүрмөсүн алгандыгы иш берүүчүдө сакталган эмгек келишиминин көчүрмөсүндөгү кызматкердин колу менен ырасталышы керек.
Иш берүүчү тарабынан эмгек акынын төлөө мөөнөтү кечиктирилген учурда Кыргыз Республикасынын жарандары өз алдынча Россия Федерациясынын сот жана укук коргоо органдарына кайрыла алышат.
7. Медициналык жардам алуу укугу
2016-жылдын 27-декабрында Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2016-жылдын 27-октябрындагы №803-н «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» буйругу күчүнө кирди (мындан ары ОМС деп аталат).
Буга байланыштуу ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин эмгекчилерине Россия Федерациясынын аймагындагы милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси (ОМС) берилет.
ОМС полиси - камсыздандырылган адамдын милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча акысыз медициналык жардам (медициналык кызмат көрсөтүү) алуу укугун ырастоочу документ.
ОМС полисин алуу үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасына катышкан камсыздандыруу компанияларынын бирине кайрылуу керек.
8. Укуктук коргоону камсыз кылуу
Россия Федерациясынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары компетенциясына жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери кирген Россия Федерациясынын сотуна, прокуратурасына, ички иштер органдарына жана башка мекемелерине эркин жана тоскоолдуксуз кайрылууга укуктуу.
Россия Федерациясынын жарандарына берилген шарттарда аларда чыгып сүйлөөгө, өтүнүч менен кайрылууга, доо арыз менен кайрылууга жана башка дагы процессуалдык аркеттерди ишке ашырууга укуктуу.
Пайдалуу шилтемелер
Кыргыз Республикасынын Президенти: www.president.kg
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү: www.gov.kg
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши (Парламент): www.kenesh.kg
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги: http://www.mfa.gov.kg/
Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу миграция боюнча мамлекеттик кызмат: www.mz.gov.kg
Россия Федерациясынын аймактарындагы Коомдук өкүлдөр
- Иркутск облусу (Иркутск ш.) Абдылдаев Тынчтык 8-964-356-97-13
- Камчатск крайы (Петропавлоск-Камчатск ш.) Абдуллаев Саади Махмадович 8-924-685-55-20
- Пенза облусу (Пенза ш.) Абдыжапаров Элдияр Абдыжапарович 55-13-88, 70-77-11
- Томск облусу (Томск ш.) Абдуманапов Рустам Абдубаитович 8-923-444-50-55 8(38222)412542
- Алтай Республикасы (Горно-Алтайск ш.) Адамбеков Мырзабек Жумабекович 8(38822)67766 8-923-660-91-39
- Ярославск облусу Ярославль ш. Арыкбаев Керим Чилдебаевич 8-9052-135-34-98
- Омск облусу Омск ш. Асанов Акимбек Мырзаевич 8-923-671-26-45
- Красноярск крайы (Красноярск ш.) Батаева Назгуль Жанышбековна 8-913-534-44-33, +7-391-254-20-10
- Москва ш. Кравцов Василий Васильевич 8-926-690-09-72
- Астраханск облусу (Астрахань ш.), Дадабаев Абдусамат Абдурахимович 8-908-614-13-86
- Саха Республикасы (Якутия) (Мирный ш.) Жалганов Эркинбек Калыевич 8-924-864-72-73
- Оренбург облусу (Оренбург ш.) Жандарбек уулу Таалай 8-922-854-50-42 8-903-369-95-31
- Бурятия Республикасы (Улан-Уде ш.) Жапаркулов Болот Сыражиевич +7-30122-41-40-74 8-902-563-15-758-964-402-94-76
- Кемеровск облусу Новосибирск ш. Имаралиев Абдималик Жармаматович 8-951-578-44-55
- Москва ш. Касымалиев Мирлан Каналбекович 8-916-212-22-70 8-903-150-88-41
- Мурманск облусу Мурманск ш. Каримов Мансур 8-953-303-22-24
- Примория крайы (Петропавловск-Камчатск ш.) Капаров Каныбек Арапович 8-924-239-70-50 8-908-993-88-53
- Тверь облусу (Тверь ш.) Кочоров Маратбек Рахманалиевич 8-290-165-46-00 8-903-011-19-89
- Тюмень облусу (Сургут ш.) Култаев Кадырбек Жумабаевич 8-909-041-13-46
- Москва ш. Юсупов Уланбек Манапович 8-926-065-11-44 8-903-682-20-658-926-872-71-18
- Ленинград облусу (Санкт-Петербург ш.) Мамасадыков Турдубек Абдымаликович 8-905-283-82-03
- Магадан облусу (Магадан ш.) Мамбетова Раяна Жороевна 8-924-850-10-53
- Воронеж облусу (Воронеж ш.) Намазбеков Талантбек Намазбекович 8-4732-777-949
- Челябинск облусу (Челябинск ш.) Пусуров Камбар Ырысбаевич 8-905-834-44-80 8-951-811-62-74 8-351-25-63-69
- Саха Республикасы (Якутия) (Якутск ш.) Сайдикулов Эсен Какелеевич 8-924-177-04-40
- Татарстан Республикасы (Казань ш.) Сариев Закир Акматович 8-903-305-29-56
- Тюмень облусу (Тюмень ш.) Сманова Ханзада 8-909-735-73-95
- Алтай крайы (Барнаул ш.) Тезекбаев Мелисбек Орунбаевич 8-906-961-89-68
- Сахалинск облусу (Южно-Сахалинск ш.) Толбаев Эшимбет Балтабаевич 8-914-642-30-56
- Новосибирск облусу (Новосибирск ш.) Тойтуков Жаркынбай Эгемкулович 8-923-237-15-71 8-913-706-07-48
- Краснодарск крайы (Сочи ш.) Тумор Андрей Александрович 8-988-238-44-49
- Забайкальск крайы (Чита ш.) Турдубаев Бактыбек Дадаевич 8-924-375-80-40 8-924-504-05-27
- Тыва Республикасы (Кызыл ш.) Туюков Куттубек Шейшеевич 8-913-354-13-37
- Хакасия Республикасы (Абакан ш.) Чериков Азизбек Арапбаевич 8-962-848-14-25 8-913-449-64-75
Аймактардагы кыргыз диаспорасынын коомдук бирикмелеринин лидерлери
Москва ш.Москва облусу «Кыргыз – Биримдиги» – аймак аралык коомдук уюму Кубатбеков Турсунбай Сатимбаевич, тел.: +7 925 157 80 07
Санкт-Петербург ш. АКУ «Санкт-Петербургдагы Кыргыз Үйү» Жапарова Сара Идрисовна иш.тел. 8 (812)- 622 18 70
Красноярск ш. ККНКЦ «Достук» Жорокулов Калык Ысакович тел.: 8 (391)278-24-34
Оренбург ш. «Кыргыз маданий борбору» Оренбург шаардык коомдук уюму Нуркулов Жыргалбай Исаакович тел.: 8 (909)-611 55 25
Татарстан Республикасы Казань ш. Татарстан Республикасындагы «Ынтымак» кыргыз улуттук-маданий ѳз алдынчалыгы Муканбетов Бейшенбек Аскербаевич иш.тел. 8(432)-921604
Свердловск облусу Екатеринбург ш. Мусулмандардын диний башкаруусунун алдындагы кыргыз диаспорасынын диний башкаруусу Свердловск облусу Сатыбеков Жаркынбай Сыйнатович сот. 8(902)-8795093
Екатеринбург ш. НО «Киргизия-Урал» фонду Бусурманкулов Кадырбек тел: 8-(922)-109-11-99 сот. 8 (343)-3724133
Самара ш. «Манас-Ата» кайрымдуулук фонду Кудуев Акылбек Аскербекович сот. 8 (905)-3034766 иш.тел. 8 (462)-903484
Иркутск ш. Токтогул Сатылгановдун атын жана чыгармачыл мурасын түбѳлүккѳ калтырууга жардамдашуучу Иркутск облустук коомдук кайрымдуулук фонду Ашыралиев Бейшеналы Акматалиевич иш.тел. 8 (395) 2650410
Ростов-на-Дону ш. «Киргизия-Дон» – Президент шаардык улуттук-маданий ѳз алдынчалыгыАбдылдаев Курманбек Карыбекович
Кыргыз Республикасынын Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү
1. Кожобаев Толонбай Жанибекович – Кыргыз Республикасынын Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;
2. Галиева Жаркынай Душаевна -ыргыз Республикасынын Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары;
3. Жорокулов Канатбек Кадырбекович – Өкүлчүлүктүн башкы адиси, тел.: +7926 100 37 35;
4. Шаршеев Марлес Каныбекович – Өкүлчүлүктүн башкы адиси, тел.: +7925 735 49 46;
5. Алкадыров Бакыт Абылкасымович – Өкүлчүлүктүн башкы адиси;
6. Абдразаков Доорбек Усенович – Өкүлчүлүктүн жетектөөчү адиси;
7. Абдыбахапов Абдыманап Абдыбахапович – Өкүлчүлүктүн жетектөөчү адиси, тел.: (Хабаровск ш.) +7 421 238 55 75;
8. Турдумаматов Жусупакмат Таштанович – Өкүлчүлүктүн башкы адиси (Тюмень ш.) -тел.: +7(965) 594 60 23; +7 963 450 55 00
9. Анашев Кубанычбек Камытович – Өкүлчүлүктүн жетектөөчү адиси (Красноярск ш.) – тел.: +7 (923) 333 07 93; +7 3952 43 67 00
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-мартындагы №96 токтому менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгү (мындан ары – Өкүлчүлүк) Москвада ачылган.
2016-жылдын декабрь айынан баштап Өкүлчүлүк Москва шаарында төмөндөгү дарек боюнча иштейт: Москва ш., Малая Полянка көч.12а.