Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун тарыхы

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу 2002-жылдан бери иштеп келет. Салтанаттуу ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда өткөрүлгөн.

Учурда консулдук аймакка Россия Федерациясынын Свердлов, Челябинск, Тюмень, Курган облустары жана Пермь аймагы кирет.

Башкы консулдук негизделгенден бери консулдук мекеменин калыптанышына жана өнүгүшүнө өз салымын кошкон 5 Башкы консул жетектеген. Алар: Т.Турганбаев (2003-2005-жж.), Т.Орозбаев (2005-2012-жж.), Т.Кожобаев (2012-2016-жж.), Б.Салимжанов (2017-2019-жж.) жана Р.Бийбосунов (2019-2023-жж.).

Чет өлкөлүк мекеменин негизги милдеттери тейленүүчү консулдук аймакта Кыргыз Республикасынын жарандарынын, юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

Кыргызстан менен тейленүүчү консулдук аймактын региондору менен кызматташтыгынын өткөн этабында мезгил-мезгили менен ар кандай деңгээлде өз ара иш-сапарлар уюштурулуп турат. Екатеринбург шаарына Кыргыз Республикасынын мурдагы премьер-министрлери К.Бакиев, Ф.Кулов, мамлекеттик катчы А.Мадумаров, министрлер, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана муниципалитеттеринин жетекчилери, ошондой эле бизнес-делегациялары келишкен.

Мындан тышкары, консулдук аймакка кирген субъектилердин губернаторлорунун, министрлеринин деңгээлинде делегациялар, ошондой эле бизнес өкүлдөрү Кыргызстанга иш-сапарлары байма бай каттап турушат. Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара тыгыз байланыштар түзүлгөн. Учурда Свердлов, Челябинск жана Тюмень облустары Кыргызстандын маанилүү соода-экономикалык өнөктөштөрүнө айланды.

Башкы консулдук Екатеринбург шаарында, Щорса көчөсүнүн, 54/А, офис 5 дарегинде жайгашкан жана аталган региондо Кыргызстанды татыктуу көрсөтүп келет.