Дипломатиялык миссиянын башчысы

Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу

Бийбосунов Руслан Мелсович

Туулган күнү жана жери:16 июль 1970-жыл, Ысык-Кѳл облусунун Каракол шаары.

Билими:Кыргыз техникалык университети, кесиби боюнча «инженер-механик» (1994ж.), Кыргызстан Эл аралык университети, кесиби боюнча «эл аралык укук» (1996ж.).

Эмгек жолу:1996-1998жж. - КР ТИМинин КМШ Башкармалыгынын атташеси. 1998-2001жж. - КР Ѳзбекстан Республикасындагы Элчилигинин  атташеси, 3-катчы-консулу. 2001-2004жж. - КР ТИМинин КМШ Башкармалыгынын 2-катчысы, 1-катчысы, Кеңешчиси.

2004-2008жж. - КРнын Россия Федерациясындагы Элчилигинин 1-катчысы, Кеңешчиси. 2008-2010жж. - КР ТИМинин КМШ Департаментинин мүдүрүнүн орун басары. 2010-2012жж .    - КР ТИМинин КМШ Департаментинин мүдүрү. 2012-2016жж. - КР Казакстан Республикасындагы Элчилигинин Кеңешчи-элчиси. 2016ж. - КРнын Казакстан Республикасындагы Убактылуу Ишенимдүү ѳкүлү. 2016-2019жж. - КР ТИМинин Интеграциялык бирикмелер, Алтынчы саясий департаменттеринин мүдүрү. 2019ж. март айынан 16-сентябрына чейин КР ТИМинин Биринчи саясий департаментинин мүдүрү.

2019ж. 17-сентябрынан тартып бүгүнкү күнгѳ чейин Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу.    

«Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи-Элчиси» дипломаттык даражасына ээ.