Чынгыз Айтматовдун 90-жылдыгына арналган иш-чаралардын жыйынтыктоочу пресс-конференциясы тууралуу

5082

2019-жылдын 30-январында Свердлов облустук журналисттер чыгармачылык союзунда 2018-жылда ѳткѳрүлгѳн Чынгыз Айтматовдун 90-жылдыгына арналган иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы  Башкы консулдугу тарабынан уюштурулган пресс-конференция болуп ѳттү.

         Пресс-конференцияда Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министрлигинин ѳкүлү, Свердлов облусунун Маданият министринин Биринчи орун басары Головина.Г.Ю., «Кыргызстан-Урал» кыргыз диаспорасынын тѳрагасынын орун басары У. Курбанбаев, кыргызстандык студенттер, облустун чыгармачыл жана илимий интеллигенциясы катышышты. Пресс-конференцияда Чолпон-ата шаарында орнотулган, Ч. Айтматовдун «Жаныбарым Гүлсарат» чыгармасынын каармандарын чагылдыруучу скульптуралык айкел даярдалган ишкананын башчысы И. Дубровин дагы катышты. 

         Б. Салимжанов Свердлов облусунун Ѳкмѳтүнѳ залкар жазуучунун мааракесине карата 2018-жылы ѳткѳрүлгѳн иш-чараларга колдоо кѳрсѳткѳндүгү жана активдүү катышкандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Пресс-конференциянын алкагында 2018-жылы болуп ѳткѳн, залкар жазуучунун урматына арналган иш-чаралар тууралуу слайд-шоу кѳрсѳтүлүп, анда Свердлов облусунун Ѳкмѳтүнүн делегациясынын Кыргыз Республикасына болгон иш-сапарынын алкагында «Жаныбарым Гүлсарат» айкелин Кыргызстанга белек катары тартуулоосу, ошондой эле Ч.Айтматовдун ѳмүр-чыгармачылыгына арналган конференциялар, чыгармачылык кечелер, фильмдердин кѳрсѳтүлүшү жана сүрѳт-китеп, ретроспективдүү кѳргѳзмѳлѳрү камтылды.

         Пресс-конференциянын соңунда аталган иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн Б.Салимжанов Башкы консулдуктун грамоталарын, ыраазычылык каттарын жана белектерди тапшырды.

         Пресс-конференция Свердлов облустук телеберүүсү жана башка Россиянын массалык маалымат каражаттарында кѳрсѳтүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK