Эл аралык аялдар күнүнѳ арналган «Аялдардын миграциядагы орду» темасындагы эл аралык конференциясы тууралуу

5949

2019-жылдын 7-мартында Урал мамлекеттик экономикалык университетинде, Екатеринбург шаарында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу жана кыргыз диаспорасынын «Кыргызстан-Урал» Свердлов облустук коомдук уюму тарабынан уюштурулган Эл аралык аялдар күнүнѳ арналган «Аялдардын миграциядагы орду» темасындагы эл аралык конференциясы болуп ѳттү.

Иш-чарада Свердлов облусунун мамлекеттик органдарынын ѳкүлдѳрү, Кыргызстандан келген жана Екатеринбург шаарынын социалдык багыттагы эксперттери катышып, мигрант аялдардын ден-соолугу, алардын мыйзамдуу укутарын жана кызыкчылыктарын коргоо ж.б. актуалдуу темаларга докладдар окулуп, кѳйгѳйлүү маселелерди чечүү боюнча талкуулоо болду.

Конференцияда Грузиянын, Дагестандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Ѳзбекстандын жергиликтүү диаспора ѳкүлдѳрү дагы катышышты. 

Ошондой эле, конференциянын алкагында, Екатеринбург шаарында эмгектенип жүргѳн Кыргызстандын жарандарына, мекендештерге жана меймандарга арналган Кыргыз Республикасынын эл артисти Г.Сатылганова жана скрипкачы А. Баякованын катышуусундагы майрамдык концерт жана  «Чапан-Сар» ишканасынын кыргыз улуттук кийимдеринин кѳргѳзмѳсүн камтыган маданий иш-чара ѳткѳрүлдү.

Концерттин жүрүшүндѳ Башкы консул Б. Салимжанов айымдарды майрамы менен куттуктап, мекендештердин ичинен активист жана кѳп балалуу энелерге белектерди жана ыраазычылык каттарды тапшырды.

Иш чара кѳңүлдүү, майрамдык маанайда ѳттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK