Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери пландуу түрдө Чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайга барышты

176

2023-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Екатеринбург шаарындагы Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына барышты (мындан ары - Борбор).

Башкы консулдуктун өкүлдөрү Кыргызстандын жарандары менен жолугушуу өткөрүп, анда кабыл алуучу өлкөнүн мыйзамдарын сактоо, миграциялык каттоого туруу жана соттун чечимдерине даттануу тартибин түшүндүрүштү.

Ошондой эле Кыргызстандын жарандарын жөнөтүүнү тездетүү максатында Борбордун жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүлдү. Алардын маалыматы боюнча, Борбордо кармалып турган Кыргыз Республикасынын 23 жаранынын ичинен 10 адам кийинки рейс менен Кыргызстанга жөнөтүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK