Екатеринбургда “Элдердин достугу” фестивалы өттү

192

2023-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Россиянын Биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Урал федералдык университетинде (мындан ары УрФУ) жыл сайын өтүүчү “Элдердин достугу” фестивалына катышты.

Иш-чаранын алкагында Башкы консулдуктун колдоосу менен кыргызстандык студенттер келген конокторду кыргыз элинин маданияты, каада-салты жана улуттук даамдары менен тааныштырып, Кыргызстандын чыгаан инсандары тууралуу айтып беришти. Дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу аңгемелер чоң кызыгууну жаратты.

Фестивалга студенттердин профсоюз уюмунун жана Бириккен Студенттик Улуттар Уюмунун чакыруусу менен Свердлов облусунун жетекчилиги, чет элдик консулдук мекемелердин өкүлдөрү, студенттер, ошондой эле башка чакырылган коноктор катышты.

Маалымат үчүн: учурда Кыргызстандан 59 студент УрФУнун ар кайсы факультеттеринде билим алууда.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK