Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин 3-ноябрдагы маалыматтык билдирүүсү

243

2023-жылдын 15-августунан тартып Россия Федерациясынын Администрациялык укук бузуулар жөнүндө кодексинин (КоАП) чет мамлекеттерде катталган транспорт каражаттары боюнча административдик укук бузууларды жасаган Россия Федерациясынын жарандары, жарандыгы жок адамдар, чет өлкөлүк жарандар, россиялык жана чет өлкөлүк юридикалык жактар тарабынан айыптарды төлөө тартиби боюнча бөлүгүндөгү өзгөртүүлөр күчүнө кирди.

Россия Федерациясынын Администрациялык укук бузуулар жөнүндө кодексинин 32.2-берененин 1.2-бөлүгүнүн жаңы редакциясына ылайык жол кыймылынын эрежесин сактабагандыгы үчүн жогорудагы административдик айыптары, чет өлкөлүк транспорт каражаты Россия Федерациясынын аймагынан чыкканга чейин, администрациялык айып салуу жөнүндө чечимдер күчүнө кирген күндөн тартып 60 күндөн кечиктирбестен төлөнүүгө тийиш.

Ошол эле учурда жогорудагы айыптарды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн административдик жоопкерчиликке тартуунун эскирүү мөөнөтү (срок давности) бир жылга чейин көбөйтүлдү.

Айыптарды төлөбөгөндүгү боюнча администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу Мамлекеттик автоинспекциянын кызмат адамдары административдик айыптарды төлөгөнгө чейин убактылуу чара катары чет өлкөлүк унааларды кармоого укуктуу.

Төлөнбөгөн айыптардын бар экендиги жөнүндө маалыматты Мамлекеттик автоинспекциянын (гибдд.рф) сайтындагы «ЖККнын айып пулдарын текшерүү» кызматы аркылуу алса болот.

Жагымсыз жагдайларды болтурбоо үчүн Элчилик Россияда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын, ошондой эле анын аймагы аркылуу транзиттик транспорт каражаттарын Россия Федерациясынын мыйзамдарынын нормаларын так сактоого чакырат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK