Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы маалыматтык билдирүүсү

292

2023-жылдын 26-октябрынан тартып Россия Федерациясында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды миграциялык каттоого алуу тартибине киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө киргендигине байланыштуу Элчилик төмөнкүлөрдү билдирет.

Өзгөртүүлөргө ылайык, эми чет өлкөлүк жарандар төмөнкү учурларда Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органына жеке өзү же электрондук түрдө кайрылып миграциялык каттоого тура алышат:

- «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү порталы (функциялары)» федералдык мамлекеттик маалымат тутумунда чет өлкөлүк жарандын жана ага турак жайды иш жүзүндө жашоо (убактылуу болуу) үчүн берген ээсинин жеке кабинеттери болгондо;

- чет өлкөлүк жаран менен кабыл алуучу тараптын ортосунда турак жайды ижарага алуу келишими түзүлгөндө.

Белгилеп кетсек, жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар чет өлкөлүк жаранды каттоонун мурда колдонулуп келген тартибин гана толуктайт жана кабыл алуучу тараптын чет өлкөлүк жарандын келиши жөнүндө миграциялык каттоо органына кайрылуу же чет өлкөлүк жарандын түздөн-түз кайрылуу мүмкүнчүлүктөрүн жокко чыгарбайт.

Россия тарабы бул жаңычылдыктарды чет өлкөлүк жарандын өлкөгө келгендиги тууралуу ички иштер органдарына өз алдынча билдирүү жөнөтүүсү үчүн негиздер тизмесин кеңейтүү үчүн кабыл алганын белгилейбиз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK