Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун Консулу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчиси менен жолугушту

195

2023-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун Консулу Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Александр Харлов менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу аймактар аралык кызматташуу, консулдук чөйрөдөгү өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги иш-чаралар талкууланды.

Башкы консулдук тейлеген аймакта Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK