Екатеринбургда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары мекендештер менен жолугушту

246

2023-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жетектеген парламенттик делегация Россия Федерациясынын Свердлов облусундагы кыргыз диаспораларынын лидерлери, аксакалдары, студенттери, ошондой эле мекендештер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясында жүрүүсүнө, эмгек мамилелерин укуктук тариздөөсүнө, эмгекчилердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумуна киргизүүгө байланышкан жана кыргызстандыктарды кызыктырган башка маселелер талкууланды. Өзгөчө көңүл Россияга эмгек ишмердүүлүгү менен барууну пландаштырган жарандарды чыгаар алдында даярдоого бурулду.

Ошону менен бирге катышуучулар мекенине кайтып келген мекендештерди жумушка орноштуруу үчүн Кыргызстанда жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алышты.

Сапардын алкагында Башкы консулдуктун уюштуруусу менен парламенттик делегация Свердлов облусунун Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрайымы Людмила Бабушкина, Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Мерзлякова жана Урал мамлекеттик экономикалык университеттин ректору Яков Силин менен жолугушуп, анда аймактар жана парламенттер аралык кызматташтыкты активдештирүү маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK