Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу борборуна барышты

204

2023-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Екатеринбург шаарындагы Ички иштер министрлигинин башкармалыгынын Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына  барышты (мындан ары – Борбор).

Борборго болгон иш сапардын жүрүшүндө консулдук кызматкерлер мекендештердин кармоо шарттары менен таанышып, Кыргыз Республикасына кайтуу үчүн зарыл болгон документтерди тариздөө боюнча түшүндүрмөлөрдү беришти, ошондой эле аларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Башкы консулдук борбордун жетекчилиги менен болгон жолугушууда өздүгүн тастыктоочу документтери жок Кыргыз Республикасынын үч жаранына таризделген Кыргыз Республикасына кайтуу үчүн күбөлүктөрдү тапшырды.  

Мекемеге болгон консулдук чыгуунун жыйынтыгында аталган жарандарды жакынкы авиа рейси менен жөнөтүлөрү тууралуу макулдашылды.

Маалымат катары: Иш сапар учурунда аталган мекемеде Россия Федерациясынын аймагынан административдик түрдө чыгаруу боюнча соттун чечимдеринин мыйзамдуу күчүнө киришин күтүп жаткан 39 Кыргыз Республикасынын жараны кармалып турган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK