Екатеринбург шаарында Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган "Чыңгыз Айтматов жана анын замандаштары" аттуу фото-китеп көргөзмөсү, ошондой эле чыгармачылык кечеси болуп өттү

249

2023-жылдын 12-декабрында Уралдын борборунда дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган "Чыңгыз Айтматов жана анын замандаштары" аттуу фото-китеп көргөзмөсү, ошондой эле чыгармачылык кечеси болуп өттү. Иш-чаралар Свердлов облусунун Өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан уюштурулду.

Башкы консулдун милдетин аткаруучу Гульнура Нарматова кеченин конокторуна жазуучунун дүйнөлүк адабиятка кошкон салымын жана анын чыгармаларынын азыркы муунду тарбиялоодогу ордун баса белгиледи.

Кечеде Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Александр Харлов, Свердлов облусунун Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Мерзлякова, Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министринин орун басары Людмила Берг, Свердлов облусунун маданият министринин орун басары Роман Дорохин Чыңгыз Айматовдун мааракеси менен кыргызстандыктарды куттуктап, сөз сүйлөштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаш мекендештер Динмухаммед Таштанов менен Дастан Сайфидиновдун аткаруусундагы жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөр жаңырды. Кече жылуу маанайда өтүп, жазуучунун "Саманчынын жолу" кинотасмасы менен аяктады.

Кечеге жергиликтүү мамлекеттин бийлик органдарынын, консулдук мекемелеринин жетекчилери, Екатеринбург шаарында жашаган мекендештер, кыргыз диаспоралык уюмдардын өкүлдөрү, аксакалдар, ошондой эле студенттер катышышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK