Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу борборуна барышты

206

2023-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Екатеринбург боюнча башкармалыгынын Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына  барышты (мындан ары – Борбор).

Иш сапардын алкагында Борбордун жетекчилиги менен жолугушуу болуп, анда мекендештердин быйылкы жылдын аягына чейин өз мекенине тез арада жөнөтүүсү боюнча макулдашууга жетишилди.

Мындан тышкары, консулдук кызматкерлер Борбордо кармалып турган Кыргыз Республикасынын он эки жараны менен жолугушуп, аларга Россия Федерациясынын аймагынан административдик түрдө чыгаруунун тартибин түшүндүрүп, ошондой эле аларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.

          

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK