Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери «Рефтинская» бакма канаттуулар фабрикасында болду

189

2024-жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери «Рефтинская бакма канаттуулар фабрикасы» ААКга барышты.

 Сапардын жүрүшүндө консулдук кызматкерлер аталган ишканада иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуп, алардын жумуш ордулары жана жашоо шарттары менен таанышты. Мекендештер Россия Федерациясынын аймагына өткөн жылдын декабрынын үчүнчү декадасында келгендигине байланыштуу, алардын көңүлүн ЕАЭБдин нормаларын жана кабыл алуучу өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын сактоо зарылдыгына бурду.

Ошону менен бирге Кыргызстан Республикасынын жарандарынын мыйзамдуу жүрүшү жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү боюнча фабриканын башкы директору А.Засыпкин жана «Дион» ЖЧКсынын аутсорсинг компаниясынын жетекчиси Н.Ковалев менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK