Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Урал соода-өнөр жай палатасынын президенти А.Беседин менен жолукту
2024-жылдын 19-январында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулунун м.а. Гульнура Нарматованын Урал Соода-өнөр жай палатасынын президенти Андрей Беседин менен жолугушуусу болуп өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус аймактык аралык соода-экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, сооданы кеңейтүү, соода-өнөр жай палаталарынын өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү маселелерин, ошондой эле Кыргызстан менен Россия Федерациясынын аймагынын ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусу менен биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү талкуулашты.