Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 20-январындагы билдирүүсү
Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу 2024-жылдын 17-январында Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынанжүргүзүлгөн рейддин алкагында кармалган же Россия Федерациясынын аймагынан чыгарылып жаткан чет элдиктердин арасында Кыргыз Республикасынын бар же жок экенин тактап жатат.
Консулдук кызматкердин Екатеринбург шаарынынполициясына чыгуусу уюштурулуп, жергиликтүү укуккоргоо органдарына да тиешелүү кайрылуу жөнөтүлдү.
Ошол эле учурда Башкы консулдукка Кыргыз Республикасынын жарандарынан консулдук жардам көрсөтүү боюнча эч кандай кайрылуулар түшө элек.