Екатеринбург шаарындагы Чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу борборуна баруу тууралуу

176

2024-жылдын 20-январында Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандары менен кезектеги жолугушуу өткөрүү үчүн Россия Федерациясынын ИИМинин Екатеринбург шаарындагы Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына барышты (мындан ары - Борбор).

Консулдук кызматкер ар бир жаран менен жекече сүйлөшүп, Россия Федерациясынын аймагынан административдик чыгаруунун тартибин түшүндүрүп, ошондой эле аларды кызыктырган, анын ичинде соттун чечимдерине даттануу мүмкүнчүлүктөрү боюнча суроолорго жооп берди.

Учурда борбордо Орусиянын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган Кыргызстандын 11 жараны кармалып турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK