Россия Федерациясынын Свердлов облусундагы Беларусь Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси И.Булавин менен жолугушуу тууралуу

200

2024-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулунун м.а. Гульнура Нарматова Россия Федерациясынын Свердлов облусундагы Беларусь Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Иван Булавин менен жолукту.

Сүйлөшүүлөрдө тараптар Россия Федерациясынын Урал федералдык аймагында улуттук өндүрүмдөрдү экспорттоо жана кеңири жайылтуу максатында Екатеринбург шаарында башка өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрү менен биргелешкен Соода павильонун түзүү долбоорун талкуулашты.

Мындан тышкары, кыргыз дипломаты маектешине Кыргыз Республикасынын инвестициялык климаты, ошондой эле экспорттук жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берип, бул багыттар боюнча кызматташууну активдештирүүнү сунуштады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK