Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулунун м.а. Г.Нарматова Россия Федерациясынын Челябинск облусунун Экономикалык өнүгүү министринин орун басары Д.Глухарев менен жолугушуусу

196

     2024-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулунун м.а. Гульнура Нарматова Россия Федерациясынын Челябинск облусунун Экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Дмитрий Глухарев менен жолугушту.

         Тараптар Кыргызстан менен Россия Федерациясынын Челябинск облусунун ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын өнүгүүсүнүн алгылыктуу динамикасын белгилеп, өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарышты.

         Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында активдүү өз ара аракеттенүүнү улантуу боюнча макулдашууга жетишилди жана өз ара сапарларды өткөрүү, ошондой эле тараптардын аймагында өткөрүлүүчү көргөзмө иш-чараларына өкүлдөрдүн катышуусун уюштуруу пландары белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK