Кыргызстандын консулу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги менен жолукту

217

2024-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун демилгеси менен консул Г.Нарматованын жана Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары А.Ивановдун жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы ушул жылдын 17-январында Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан Екатеринбургдагы курулуш объектисинде эмгек мигранттарды, алардын ичинде Кыргызстандын жарандарын рейд учурунда тизелетип, «каздарча» бастыргандыгы болду.

Консул тегине жана жарандыгына карабастан ар бир жаранга карата текшерүү иштерин жүргүзүүдө мындай ыкмаларды колдонууга жол берилбестигин белгиледи. Дипломат Өкүлчүлүктөн Россия Федерациясынын Свердлов облусунун көзөмөл органы тарабынан мыйзамдуу эмгек жүргүзүп жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын ар-намысын басмырлаган мындай ыкмалардын укук коргоо органдары тарабынан колдонулушунун мыйзамдуулугун текшерүүнү тездетүүгө көмөк көрсөтүүнү жана адам укуктарын бузгандарды жоопко тартууну өтүндү.

Өз кезегинде А.Иванов орус тарап бул маселени иликтеп жатканын жана жакын арада Башкы консулдукка расмий жооп жөнөтүлө тургандыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK