“ЖАЙ - 2024” Эл аралык туристтик көргөзмөгө катышуу

134

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун активдүү көмөгү менен 2024-жылдын 29-мартында Уралдын борборунда «ЖАЙ-2024» Эл аралык туристтик көргөзмөнүн алкагында болуп өткөн конференцияга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти катышты.

Иш-чарада Кыргыз Республикасындагы туристтик мүмкүнчүлүктөр, рекреациялык эс алуу жана санаториялык-курорттук дарылоо боюнча презентация болуп, ал видеороликтерди көрсөтүү, туристтик жерлерге жарнамалык брошюраларды жана жолдонмолорду таркатуу менен коштолду.

Катышуунун жүрүшүндө кыргыз делегациясы Россия Федерациясынын Свердлов облусунун Туризмди жана меймандостук индустриясын өнүктүрүү департаментинин бөлүмүнүн башчысы Татьяна Ильина, ушул эле аймактын Профсоюздар Федерациясынын Долбоорду башкаруу боюнча катчысы Алексей Слязин жана Урал туризм ассоциациясынын президенти Анатолий Мальцев менен жолугушууларды өткөрдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK