Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлеринин Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга баргандыгы тууралуу

140

Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, 2024-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын Ички иштер министрлигинин Екатеринбургдагы Чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайга барышты.

Башкы консулдуктун өкүлдөрү мекендештер менен жолугушуу өткөрүп, келген мамлекеттин мыйзамдарын сактоо, миграциялык каттоого туруу тартиби, ошондой эле соттун чечимдерине даттануу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Убактылуу кармоочу жайда Кыргыз Республикасынын 23 жараны жайгаштырылган, алардын тогузу жакынкы абакаттам менен Кыргызстанга жөнөтүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK