Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу тейлөө аймакта жашаган Кыргызстандын жарандарынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантты

118

2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын Концепциясынын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу, ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын тийиштүү органдары менен биргеликте, Россиянын Урал аймагында жашаган мекендештердин социалдык тармактары (200гө жакын WhatsApp топтору) аркылуу төмөнкү темадагы материалдарды таратуу аркылуу Кыргызстандын жарандары арасында түшүндүрүү иштерин улантты:

  1. Кыргызстандын инвестициялык долбоорлору (долбоорлор боюнча толук маалымат алуу үчүн байланыш телефону: + 7 996 312 30-02-32) https://cloud.mail.ru/public/NXY7/gSdZu7BnS ;
  2. Кыргызстанда жарандарды ишке орноштуруу боюнча ишке киргизилген “zanyatost.kg” порталы жөнүндө (вакансиялар QR коддору түрүндө берилет https://cloud.mail.ru/public/TtLm/uh6X6Y3zg;
  3. «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак-жай программасы жөнүндө https://cloud.mail.ru/public/18s9/8udnfFoen ;
  4. Кыргыз Республикасынын жарандарынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында « https://www.youtube.com.@Finsabat/playlists » сайтынын ишке кириши, ошондой эле мекендештердин Facebook жана Instagramда Финсабат баракчаларына катталуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө;
  5. Кабыл алуучу өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин сактоо жөнүндө;
  6. Жасалма документтерди колдонууга жол берилбестиги жөнүндө;
  7. Транспорттук каражаттарды сатып алуу эрежелери жөнүндө;
  8. Баңги каражаттарын таратуу максатында колдонулушу мүмкүн болгон «Чабармандардын иши жөнүндө»;
  9. Баңги заттарды таратуу мыйзамсыз экенин алдын алуу боюнча жана башкалар.
  10. Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында диний радикалдашууну жана экстремизмди алдын алуу жөнүндө https://cloud.mail.ru/public/TzFY/1Y4jgQuws .

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK