Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлеринин Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга баргандыгы тууралуу

142

2024-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Екатеринбург шаары боюнча башкармалыгынын чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу борборуна барышты.

Маалымат үчүн: Учурда Борбордо Россия Федерациясынын аймагынан административдик жол менен чыгаруу боюнча соттун чечимдеринин мыйзамдуу күчүнө киришин 19 Кыргыз Республикасынын жараны күтүүдө.

            Жалпысынан Россия Федерациясынын Свердлов облусунда жайгашкан чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайларда Кыргыз Республикасынын 60 жараны кармалууда.

Башкы консулдуктун кызматкерлери Кыргызстандын жарандары менен жолугушуу өткөрүп, мекенге кайтып келүү үчүн документтерди тариздөөнүн тартибин түшүндүрүп, алардын суроолоруна жооп беришти. Ошону менен бирге, учурда аймактын укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз мигранттарды аныктоо иштери күчөтүлүп жаткандыгы айтылды.

Ошондой эле мекендештерди Кыргызстанга жөнөтүү процессин тездетүү максатында Борбордун жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK