Екатеринбургдан Бишкекке дарыланууга Кыргызстандын жашы жете элек жараны жеткирилди

372

2024-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун көмөгү жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Өкүлчүлүгүнүн, Россия Федерациясынын ФККнын Чек ара кызматынын, Россия Федерациясынын Свердлов облусунун «Екатеринбург клиникалык перинаталдык борбору» мамлекеттик бюджеттик саламаттык сактоо мекемесинин, «Кольцово» Эл аралык аэропортунун, «Урал авиалинии» ААКнын жана мекендештердин колдоосу менен үч айлык оор абалдагы Кыргыз Республикасынын Д.А. жараны дарылоо үчүн Кыргызстанга жеткирилди.

Апасы М.Э. жана Кыргызстандан атайын келген неонатолог-реаниматолог Нурсултан Тойматовдун коштоосунда, Д.А. Мекенине Екатеринбург-Бишкек абакаттамы менен келип, дароо медициналык мекемеге жайгаштырылды.

Маалымат катары: Бала төрөлгөндөн бери Россия Федерациясынын Свердлов облусунун «Екатеринбург клиникалык перинаталдык борбору» мамлекеттик бюджеттик саламаттык сактоо мекемесинин №1 неонаталдык патология бөлүмүндө болгон.

Баланын ата-энеси жана Башкы консулдук Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын бардык органдарына жашы жете элек кыргызстандыкты Мекенине алып келүүгө активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK