Башкы консулдук Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты

320

2024-жылдын 9-майында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү Широкореченский аскердик мемориалдык комплексинде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган салтанаттуу аземге катышты.

Салтанатка Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, чет өлкөлүк консулдук мекемелердин башчылары, ошондой эле аймактын жана Екатеринбург шаарынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышты.

Ушул эле күнү Башкы консулдуктун кызматкерлери Россия Федерациясынын Свердлов облусунун өкмөтүнүн чакыруусу менен Жеңиш күнүнө карата Екатеринбург шаарында өткөн аскердик парадга катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK