«Кыргыз Республикасынын Тюмень облусундагы күндөрүнүн» маданий программасы тууралуу

3435

Үстүбүздѳгү жылдын 10-11-октябрында Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳттүк делегациясынын Тюмень шаарына болгон иш-сапарынын алкагында «Кыргыз Республикасынын Тюмень облусундагы күндөрү» шарттуу аталыш менен  бир катар маданий иш-чаралар болуп ѳттү.

Иш-чара кыргызстандык мекендештердин «Биримдик» коомдук уюмунун 10 жылдык мааракесине карата уюштурулуп, Тюмень облусунун Ѳкмөтүнүн жана Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун көмөктөшүүсү менен өткөрүлдү.

Тюмень шаарынын «Торфяник» Маданият үйүндѳ Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чыгармачыл жамаатынын катышуусунда салтанаттуу концерт болуп өттү. «Ак марал» оркестринин коштоосунда филармониянын алдыңкы солисттери мекендештердин, жергиликтүү бийликтин жана диаспора уюмдарынын ѳкүлдѳрүнүн алдында концерттик программа тартуулашты. Кыргыз улуттук кийимчен «Биримдик» уюмунун мүчѳлѳрүнүн аткаруусунда дагы музыкалык номерлер аткарылды.

«Биримдик» уюмунун активисттери КРнын Экономика министрлигинин, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин сыйлыктары менен сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов куттуктоо сөзүн айтып, «Биримдик» Тюмень аймактык коомдук уюмдун тѳрайымы Канзада Смановага жана бир катар активисттерине ыраазычылык каттарды жана белектерди ыйгарды.

«Кыргыз Республикасынын Тюмень облусундагы күндөрүнүн» алкагында билим берүү, маданият, саламаттык сактоо жана туризм тармактары боюнча тегерек үстѳлдѳр өткөрүлдү.

Жолугушуулардын жыйынтыгында Кыргызстандын Эл аралык университети менен Тюмень индустриалдык университетинин ортосунда, ошондой эле Барпы атындагы Жалал-Абад облустук театры менен Тюмень облустук Драма театрынын ортосунда Кызматташуу жѳнүндѳ келишимдерге кол коюлду. Сүйлѳшүүлѳрдүн негизинде  Тюмень облустук Драма театрынын режиссерунун «Жаштык» пьесасы 2020-жылдын сентябрь айында Жалал-Абад шаарында коюлмакчы.

 

 
 

  • Үстүбүздѳгү жылдын 10-11-октябрында Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳттүк делегациясынын Тюмень шаарына болгон иш-сапарынын алкагында «Кыргыз Республикасынын Тюмень облусундагы күндөрү» шарттуу аталыш менен  бир катар маданий иш-чаралар болуп ѳттү.
  • Үстүбүздѳгү жылдын 10-11-октябрында Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳттүк делегациясынын Тюмень шаарына болгон иш-сапарынын алкагында «Кыргыз Республикасынын Тюмень облусундагы күндөрү» шарттуу аталыш менен  бир катар маданий иш-чаралар болуп ѳттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK