Нотариалдык суроолор

Өз ыйгарым укуктарынын чегинде нотариалдык иш-аракеттер арыз ээсинин атынан Кыргыз Республикасында юридикалык аракеттерди жүргүзүүгө ишеним каттарды түзүү түрүндө жүргүзүлөт.
Нотариалдык иш-аракеттер арыз ээсинин жеке катышуусу жана төмөнкү документтерди берүү менен гана жүргүзүлөт:
1. Толук аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, электрондук почта дареги көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү арыз. Үлгү элчиликте берилген.
2. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун түп нускасы (ID-карта) жана арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жалпы паспорту;
3. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөлөрү (эки жагындагы ID-карталары) Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн;
4. Ишеним каттын түрүнө жараша кошумча документтер (балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, балдардын паспортунун көчүрмөлөрү ж.б.) берилет.

Ишеним катты берүү:
1) автотранспорт каражаттарын пайдалануу жана тескөө укугу үчүн - 10 АКШ доллары
2) кредиттик операциялар үчүн - 10 АКШ доллары
3) акча каражаттарын жана башка материалдык баалуулуктарды алууга - 10 АКШ доллары

Консулдук кызмат көрсөтүү үчүн жыйым документтер кабыл алынгандан кийин банкта төлөнөт.