Консулдук бөлүм
Германия Федеративдүү Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын 2 консулдук мекемеси жайгашкан:
1. Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Берлин шаарындагы консулдук бөлүмү (консулдук округуна Германиянын төмөнкү Федералдык жерлери кирет – Berlin, Hamburg, Brandenburg, Sachsen, Sachsen-Anhalt, Mecklenburg-Vorpommern, Schleswig-Holstein, Bremen, Niedersachsen, ошондой эле Польша Республикасы, Дания Королдугу, Норвегия Королдугу, Швеция Королдугу).
2. Кыргыз Республикасынын Майндагы Франкфурт шаарындагы консулдук агентствосу (консулдук округуна Германиянын төмөнкү Федералдык жерлери кирет – Hessen, Saarland, Baden-Württemberg, Rheinland-Pfalz, Bayern, Nordrhein-Westfalen, Thüringen).
Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын Германиядагы консулдук мекемелерине консулдук кызматтардын ар кандай түрлөрүн алуу үчүн кайрыла алышат.
Консулдук иш-аракеттер боюнча кошумча маалымат Элчиликтин веб-сайтында “КОНСУЛДУК МАСЕЛЕЛЕР” бөлүмүндө жайгаштырылган.
БАЙЛАНЫШ МААЛЫМАТТАРЫ:
Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин консулдук бөлүмү
Дарек: Otto-Suhr-Allee 146, 10585 Berlin
кызмат. тел.: +493036411860;
моб.: +49 176 77385850 (WhatsApp);
өзгөчө кырдаалдарда: +4917680835260;
электрондук почта: kgconsulate.berlin@mfa.gov.kg
Кыргыз Республикасынын Франкфурт-на-Майне шаарындагы Консулдук агенттиги
Дарек: Broennerstrasse 20, 60313 Frankfurt am Main
кызмат. тел.: +496995403926;
моб.: +49 176 71934004 (WhatsApp);
өзгөчө кырдаалдарда: +4917681391642;
электрондук почта: kgconsulate.frankfurt@mfa.gov.kg
Кыргыз Республикасынын Берлиндеги Элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн жана Кыргыз Республикасынын Франкфурт-на-Майне шаарындагы Консулдук агенттигинин ИШ ТАРТИБИ
Дүйшөмбү, шейшемби, бейшемби, жума (шаршембиден тышкары):
жарандарды кабыл алуу саат 09-00дөн 13-00гө чейин
телефон боюнча консультация 14-00дөн 17-00гө чейин
документтер менен иштөө жана аларды иштеп чыгуу 17-00дөн 18-00гө чейин
Шаршемби – кабыл алуу күнү эмес (документтер менен иштөө)
Ден соолукка же өмүргө коркунуч жаралган учурда, ошондой эле шашылыш жагдайларда консулдарыбызга төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыз болот:
Берлиндеги Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Консулдук бөлүмү: +49 17680835260
Кыргыз Республикасынын Майндагы Франкфурт шаарындагы Консулдук агенттиги: +4917681391642
КӨҢҮЛ БЕРҮҮ: Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы ардактуу консулдуктары консулдук кызматтарды көрсөтпөйт!
Төмөнкү шилтеме аркылуу Кыргыз Республикасындагы учурдагы визалык режим менен тааныша аласыз:
https://mfa.gov.kg/ru/osnovnoe-menyu/konsulskie-uslugi/konsulskie-vizovye-voprosy/izovye-i-bezvizovye-rezhimy
Төмөнкү шилтеме аркылуу каалаган категориядагы кыргыз визасын алуу үчүн кайрылсаңыз болот:
http://evisa.e-gov.kg/