Швеция Королдугу

Кыргыз-швед мамилелери

Швеция Королдугу Кыргызстандын эгемендүүлүгүн 1992-жылдын 16-январында тааныган. Дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 25-мартында түзүлгөн.

2016-жылдын 20-мартында Швециянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кристиан Камилл мырза Кыргыз Республикасынын Президентине ишеним грамотасын тапшырды. 2003-жылдан бери Швециянын Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулу Мамыров Нурлан Үсөнович.

2019-жылдын 20-мартындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, 2019-жылдын 1-июнунан тартып Швеция Королдугу менен кызматташуу маселелери Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигине өткөрүлүп берилди.

2002-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Президенти Швецияга иш сапары менен барган.

2002-жылдын 29-октябрынан 30-октябрына чейинки мезгилде Швециянын делегациясы Эл аралык кызматташтык жана миграция министри  башында турган Бишкек шаарында өткөн Глобалдык тоо саммитине катышты.

2020-жылдын 29-январында Швеция парламентинин төрагасынын биринчи орун басары (Социал-демократиялык партия) башында турган Швециянын парламенттик делегациясы Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди.

2020-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри менен Швециянын Тышкы иштер министринин телефондук сүйлөшүүлөрү болуп өттү.

2021-жылдын 12-13-апрелинде ЕККУнун учурдагы төрагасы – Швеция Королдугунун тышкы иштер министри Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди.

2021-жылдын 1-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри ЕККУнун учурдагы төрагасы, Швециянын тышкы иштер министри менен видеоконференция режиминде жолугушуусу болуп өттү.

2021-жылдын 21-октябрында Кыргызстандын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлиги менен Швеция Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин ортосунда видеоконференция аркылуу консультациялар болуп өттү.

2021-жылдын 3-декабрында Стокгольм шаарында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Швеция Королдугунун тышкы иштер министри, ЕККУнун төрагасы менен жолугушту.