Норвегия Королдугу

Кыргыз-Норвег мамилелери

Мамилелердин укуктук негизин 1992-жылдын 26-июнундагы Кыргызстан Республикасы менен Норвегиянын ортосунда дипломатиялык Мамилелерди орнотуу жөнүндө документ жана Кыргыз Республикасы менен Норвегия Королдугунун ортосундагы достук мамилелерди жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен билдирүү түзөт.

2022-жылдын 15-мартында Резиденциясы Осло шаарында жайгашкан Норвегиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Жон Микал Квистанд Кыргыз Республикасынын Президентине ишеним грамотасын тапшырды.

2003-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий иш сапары болуп өткөн.

2002-жылдын 29-октябрынан 1-ноябрына чейин Норвегиянын Тышкы иштер министринин орун басары башында турган делегация "Тоо саммитине" катышкан.

2010-жылдын 20-сентябрында Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 65-сессиясынын ишине катышуу учурунда кыргыз тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри менен Норвегиянын Тышкы иштер министри менен жолугушуусу болуп өткөн.

2013-жылдын 16-19-апрелинде Осло шаарындагы Тынчтык жана адам укуктары борборунун делегациясы борбордун тең негиздөөчүсү И.Стиннес жетектеген делегация Кыргыз Республикасына иш сапары менен келген.

2013-жылдын 28-апрелинде Монголиянын Улан-Батор шаарында “Демократиялык Коомдоштуктун” 7-министрлик конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри менен Норвегиянын Тышкы иштер министринин ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өткөн.

Норвегиялык тараптын чакыруусу боюнча 2013-жылдын 22-майынан 25-майына чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары башында турган Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин делегациясы Бүткүл дүйнөлүк конференцияга катышкан.

2016-жылдын 8-декабрында Гамбург шаарында ЕККУнун Саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри менен Норвегиянын Тышкы иштер министринин эки тараптуу жолугушуусу болуп өткөн.

2018-жылдын 24-сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри менен Норвегиянын Тышкы иштер министринин эки тараптуу жолугушуусу болуп өткөн.

2019-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин Норвегияга расмий сапары болуп өткөн.

2019-жылдын сентябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри менен Норвегиянын Тышкы иштер министринин жолугушуусу болуп өткөн.

2019-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасына Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү иш сапары менен келген.

2019-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде дипломатиялык мамилелердин тарыхында биринчи жолу Кыргыз Республикасы менен Норвегия Королдугунун ортосундагы ТИМ аралык консультациялар болуп өткөн.