2024-жылдын 6-мартында Эрфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчиси Өмүрбек Текебаев менен Тюрингия федералдык аймагынын Экономика, илим жана коомду санариптештирүү министрлигинин Мамлекеттик катчысы Карстен Феллердин жолугушуусу болуп өттү

187

2024-жылдын 6-мартында Эрфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчиси Өмүрбек Текебаев менен Тюрингия федералдык аймагынын Экономика, илим жана коомду санариптештирүү министрлигинин Мамлекеттик катчысы Карстен Феллердин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу Кыргыз Республикасы менен Тюрингия Федералдык аймагынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар экономиканын өз ара кызыкчылык туудурган ар түрдүү тармактарындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Элчи Ө.Текебаев экономика, квалификациялуу кадрларды даярдоо, билим берүү жана илим тармактарында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу тиешелүү маалымат берди жана Тюрингиялык компанияларды Кыргызстанга чакырылды.

Мамлекеттик катчы К.Феллер Кыргызстан менен Тюрингиянын кызматташтыгына, өзгөчө Кыргызстандан квалификациялуу адистерди тартуу маселелерине кызыкдар экенин билдирип, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн өз ара иш сапарларын уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар 2024-жылы Тюрингиядан келген компаниялардын Кыргызстанга иш сапарларын уюштурууну макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK