2024-жылдын 6-мартында Эрфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Тюрингия Федералдык аймагынын парламентинин (Ландтаг) Президенти Биргит Поммердин жолугушуусу болуп өттү.

149

Жолугушууда Элчи Ө.Текебаев Кыргызстан тууралуу маалымат берип, кыргыз-герман кызматташтыгынын түрдүү тармактардагы маселелерин талкуулады. Элчи Кыргыз Республикасы менен Тюрингия Федералдык аймагынын ортосундагы байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө, өзгөчө Тюрингия менен парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экенин билдирди.

Тюрингия Федералдык аймагынын парламентинин президенти Б.Поммер Кыргызстан менен Тюрингиянын ортосундагы мамилелерди ар түрдүү тармактарда, анын ичинде парламенттер аралык кызматташуу тармагында өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар экенин билдирди.

Жолугушуунун алкагында Тюрингиянын Ландтагынын имаратынын тарыхы менен таанышуу болду. Элчи Ө.Текебаев Ландтагдын ардактуу конокторунун китебине эскерүү жазмасын калтырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK