2024-жылдын 9-мартында Варшава шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Польшадагы кыргыз аялдарынын «Данакер» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган Кыргызстандык аялдардын биринчи европалык форумуна катышты

177

2024-жылдын 9-мартында Варшава шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Польшадагы кыргыз аялдарынын «Данакер» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган Кыргызстандык аялдардын биринчи европалык форумуна катышты.

Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Гуля Кожокулова, Эльвира Сурабалдиева, Айбек Маткеримов, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Польшадагы өкүлү Азамат Исмаилов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар боюнча кеңештин, Миграция боюнча Эл аралык уюмдун (МЭУ), Миграция саясатын өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун (ММКБ), жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин өкүлдөрү, ошондой эле Европа өлкөлөрүндөгү ар кандай диаспоралык бирикмелердин активисттери жана лидерлери катышты.

Элчи Өмүрбек Текебаев Форумдун катышуучуларына куттуктоо сөзүндө учурдан пайдаланып, катышуучуларды Аялдардын Эл аралык күнү менен куттуктады. Ал ошондой эле аялдардын абалын жакшыртууга жана гендердик теңчиликти камсыз кылууга көмөктөшүүчү демилгелерди колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, бул иш-чара кыргызстандык мигрант аялдардын коомдук-саясий турмушуна жигердүү катышууга умтулуусуна маанилүү кадам болорун белгиледи.

Белгилей кетсек, Форум диалогду өнүктүрүүгө жана Европадагы кыргызстандык мигрант аялдардын европалык коомго интеграциялануу процессине колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK