2024-жылдын 8-мартында Варшава шаарындагы Вистула университетинин имаратында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Гуля Кожокулова, Эльвира Сурабалдиева жана Айбек Маткеримов менен бирге Польшадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү

164

2024-жылдын 8-мартында Варшава шаарындагы Вистула университетинин имаратында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Гуля Кожокулова, Эльвира Сурабалдиева жана Айбек Маткеримов менен бирге Польшадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү.

Бул жолугушуу Кыргызстандык аялдардын биринчи европалык форумунун алдында өттү жана Кыргыз Республикасы менен анын чет жерде жашаган мекендештеринин ортосундагы байланышты бекемдөөгө багытталган.

Жолугушууда Элчи Өмүрбек Текебаев Польшадагы кыргыз диаспорасынын кыргызстандыктардын коомдук турмушунда гана эмес, өлкөлөр ортосундагы байланыштарды колдоодо да маанилүү ролун белгиледи. Ал ошондой эле чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерине токтолуп, Кыргызстан менен Германиянын кызматташтыгынын мисалында эки өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болгон түрдүү тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин өкүлдөрүнө кызыккан суроолорун берүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Диаспоралардын башын бириктирип, мекендештер ортосундагы байланышты чыңдоого жардам берген бул иш-чараны уюштуруп жаткандыгы үчүн да ыраазычылыктар айтылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK